БААУ/ БААУ ЖӨНҮНДӨ/ БААУ жаңылыктары

“Гуманитардык илимдердеги санариптик ыкмалар жана куралдар” аталышындагы симпозиум БААУда өткөрүлдү

15 апреля 2026

#китепкана#NGA#LAS#CTLT#AUCA Library

2026-жылдын 11-апрелинде, БААУда “Гуманитардык илимдердеги санариптик усулдар жана куралдар” аталышындагы экинчи симпозиуму өткөрүлдү (). Симпозиумга  Бишкектеги жана өлкөнүн региондорундагы  10 университеттен 50дөн ашык окутуучулар жана студенттер катышышты. 2025-жылдагы өткөрүлгөн биринчи симпозиум жаңы калыптанып келе жаткан салттын негизин түптөп, санариптик гуманитардык илимдер багытында иштеген адистер үчүн өнүгүүгө мүмкүнчүлүк түздү. 

Симпозиумдун катышуучулары гуманитардык илимдерде санариптик ыкмалар менен куралдарды колдонууну талкуулашып, өздөрүнүн учурдагы билим берүү жана илимий долбоорлору тууралуу маалымат бөлүшүштү. “Корпустук лингвистика изилдөөнүн ыкмасы катары” аттуу негизги баяндама менен Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин окутуучулары доктор Гүлнура Джумалиева жана доктор Аида Касиева Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына негизделген инновациялык тексттик корпусту сунушташты.

Программада ошондой эле Казакстандагы Абылай Хан атындагы Эл аралык мамилелер жана дүйнөлүк тилдер университетинен Ангелина Трофимова катышып, “Тилдерди үйрөтүүдө анимациялык видеороликтерди түзүү” темасында баяндама жасады. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын, К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин, Эл аралык «Ала-Тоо» университетинин жана Борбордук Азиядагы Америка университетинин катышуучулары санариптик технологияларды гуманитардык илимдерде колдонууга арналган практикалык изилдөөлөрдү жана илимий долбоорлорду сунушташты.

Симпозиум өлкөдөгү санариптик гуманитардык илимдердин интеграциясынын өсүп жаткандыгын баса белгилеп, мекемелер арасында маанилүү академиялык тажрыйба алмашууну күчөттү. 

Иш-чара БААУнун китепканасы, Жаңы муун академиясы, Окутуу жана үйрөнүү борбору жана Эркин өнөр жана илимдер бөлүмү тарабынан уюштурулду.

 

<< Назад к списку