БААУнун 2026-жылдагы бүтүрүүчүлөрүнө дипломдорду тапшыруу аземи
12 июня 2026

6-июнда Борбордук Азиядагы Америкалык университетинде 2026-жылдын бүтүрүүчүлөрүнө дипломдорду салтанаттуу түрдө тапшыруу аземи болуп өттү. Иш-чара студенттердин жашоосундагы маанилүү баскычтын аякташын белгилөө үчүн бүтүрүүчүлөрдүн, окутуучулардын, университет кызматкерлеринин, ата-энелердин, достордун жана ардактуу коноктордун башын бириктирди.
Салтанатты БААУнун президенти Тимоти О'Коннор ачып, бүтүрүүчүлөрдү куттуктады жана алардын жетишкендиктеринин маанилүүлүгүн белгиледи.
“Бүгүн биз БААУнун бүтүрүүчүлөрүн — көп жылдык окууну, талкууларды, сынактарды, күмөн саноолорду жана ачылыштарды артта калтырган жаштарды сыйлап жатабыз. Бул жылдар сиздер үчүн инсандык жактан олуттуу өсүү мезгили болгонуна ишенем. Сиздер өзүңүздөргө көбүрөөк ишенип, кайраттуу жана дүйнөгө ачык болуп калдыңыздар. Өзүңүздөрдү, кызыгууларыңызды жана андан-аркы жашооңордо багыт бере турган баалуулуктарыңызды жакшыраак таанып билдиңиздер. Сиздер биргеликте бири-бирин колдогон жана ынтымактуу коомчулукту түзө алдыңыздар”.
Ошондой эле бүтүрүүчүлөрдү ардактуу коноктор куттукташты, алардын арасында БААУнун Кам көрүүчүлөр кеңешинин төрагасы Дэвид Лакдхир, Кам көрүүчүлөр кеңешинин мүчөлөрү Джонатан Беккер жана Саманта Смит, АКШнын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Лесли Вигери, ошондой эле башка кадырлуу коноктор жана университет коомчулугунун өкүлдөрү болду.
Бул жылы БААУдагы окуусун ийгиликтүү аяктаган 229 бүтүрүүчү дипломдорго ээ болду. Алардын жетишкендиктери көп жылдык өжөр эмгектин, туруктуулуктун жана интеллектуалдык өнүгүүнүн натыйжасы болуп саналат, бул аларды кесиптик ишмердүүлүккө жана коомдук турмушка активдүү катышууга даярдады.
“Телевидение, кино жана медиа искусстволор” факультетинин бүтүрүүчүсү Вячеслав Иванов 2026-жылдын эң мыкты бүтүрүүчүсү (Valedictorian) деп таанылды. Бул аземдеги эң ардактуу сыйлык болуп саналат жана өзгөчө академиялык жетишкендиктери, лидерлик сапаттары жана университеттин жашоосуна кошкон салымы үчүн берилет.
Салтанаттын алкагында ошондой эле эң мыкты академиялык бөлүмгө, эң мыкты окутуучуга, эң мыкты студентке жана эң мыкты бүтүрүүчүлүк квалификациялык иштин авторуна атайын сыйлыктар тапшырылды. Бул сыйлыктар БААУ коомчулугунун ажырагыс бөлүгү болгон жогорку стандарттарга жана академиялык мыктылыкка умтулууну айгинелейт.
БААУнун Форумунда өткөн азем ыраазычылык жана майрамдык маанайда өттү. Ал төрт жылдык окуунун символикалык жыйынтыгы гана болбостон, кесиптик жана жеке жашоого кадам таштап жаткан бүтүрүүчүлөрдүн жашоосундагы жаңы баскычтын башталышы болуп калды десек жаңылышпайбыз.
Борбордук Азиядагы Америкалык университети 2026-жылдын бүтүрүүчүлөрүн куттуктайт жана аларга ийгиликтерди, жаңы жетишкендиктерди жана алдыга койгон максаттарына ишенимдүү кадам шилтөөлөрүн каалайт.

















